Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Өзбекстан Кыргызстандан ташылган картошкага тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан сырттан, анын ичинде Кыргызстандан ташылган картошкага тыюу салды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба министрлигине караштуу Фитосанитардык жана карантиндик департаменттин жетекчисинин орун басары Болот Жуманалиев кабарлады. Анын айтымында, Өзбекстан мындай чечимди бир тараптуу кабыл алган.

- Экинчи себеби, Орусия менен ири суммада келишим түзүп, картошка көбөйүп кеткендиктен анын келишин бир тараптуу жапкан. Өзбекстан жалаң эле Кыргызстанга эмес, башка өлкөлөргө да бир тараптуу жапты. Анткени ички рыногунда картошка өндүрүмү көбөйүп кеткен. Бул расмий эмес булактардын негизинде алынган маалыматтар. Өзбекстан биздин өндүрүмдөргө тыюу салыш үчүн расмий түрдө мүчүлүштүктөр боюнча нота жөнөтүш керек болчу. Бизге расмий түрдө билдирүү келген эмес, - деди ал.

Жуманалиевдин айтымында, кыргыз тарап бул маселени макулдашуунун негизинде чечүү тууралуу сүйлөшүү үчүн Өзбекстандан эксперттерди чакырган. Азырынча жооп келе элек. Маалыматка караганда, жакын арада экономика министри Олег Панкратов ушул маселени сүйлөшүү үчүн Ташкентке барары айтылды.

Быйыл Кыргызстанда 1 миллион тоннадай картошка алынат деп күтүлүп жатат. Басымдуу бөлүгү Орусия менен Казакстанга сатылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG