Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

АКШ Түркияга каршы жаңы санкцияларды кабыл алышы мүмкүн


Америкалык пастор Эндрю Брансон.
Америкалык пастор Эндрю Брансон.

Америкалык пастор Эндрю Брансон бошотулбаса, Кошмо Штаттар Түркияга каршы кошумча санкцияларды киргизүүгө даяр. Бул тууралуу АКШнын финансы министри Стивен Мнучин билдиргенин "Bloomberg" жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, Брансон 20 жылдан бери Түркияда жашап, иштейт. Анкара аны 2016-жылдагы төңкөрүш аракеттерине тиешеси бар деп айыптап жатат. Прокуратура пасторду 35 жылга түрмөгө кесүүнү сураган.

Вашингтон Түркияда үй камагында отурган америкалык пастор Эндрю Брансонду бошотууну талап кылып, аны кармоодогу "башкы ролу" үчүн 1-августта Түркиянын юстиция жана ички иштер министрлерине санкция киргизген.

Өткөн аптада Вашингтон Түркиядан АКШга ташылган алюминийге бажы төлөмүн 20%, болоттукун 50 пайызга чейин көбөйтүүнү чечкен. Түркия буга жооп кылып АКШдан ташылган автоунаа жана тамеки өңдүү айрым товарларга бажы төлөмүн көбөйттү.

Президент Режеп Тайып Эрдоган Түркия Америкада чыгарылган айфон сыяктуу электрондук жабдууларга бойкот жарыялай турганын айтып, өлкө ичиндеги лиранын арзандашы менен коштолгон кыйынчылыктарга АКШнын "экономикалык чабуулу" себеп болду деп айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG