Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Ош: Папандын тургундары нааразылык акциясына чыгышты


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарында Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнүн 20дан ашык тургуну нааразылык акциясына чыкты. Бул тууралуу “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы билдирди. Акцияга чыккандар Папан айыл өкмөтүнүн жер тилкелери мыйзамсыз бөлүштүрүлүп, коррупциялашып кеткенин айтышууда.

Акциянын катышуучулары бул боюнча бир нече жолу арыз жазылып, кылмыш иши козголсо да айыл өкмөттүн жооптуу адамдарды жоопкерчиликке тартылбаганын билдирип, облустук бийликтен чарага көрүүнү талап кылышты.

Учурда акция чыккандар менен облустук милициянын өкүлдөрү жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Буга чейин Папан айыл өкмөтүнүн жашоочулары 16-августта президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна келгенде жолуга албай калганына нааразылык билдирип чыгышкан эле. (YI/BkA)

XS
SM
MD
LG