Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:40

Жумакадыр Акенеевдин сөөгү жерге берилди


Жумакадыр Акенеев.
Жумакадыр Акенеев.

Белгилүү экономист, мурдагы айыл чарба министри Жумакадыр Акенеевдин сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Маркумдун сөөгү баш калаадагы өз үйүнөн чыкты. Тажияга Акенеевдин жакындары, кесиптештери, бир катар коомдук ишмерлер катышты.

64 жаштагы Жумакадыр Акенеев 15-августта көз жумган. Ал оорудан улам Бишкектеги Улуттук хирургия борборунда операция болуп, андан чыкпай калган.

Ал Кыргызстандын Статистикалык комитетинин төрагасы, кийин айыл жана суу чарба министри болуп эмгектенген. Өмүрүнүн акыркы жылдары жогорку окуу жайында сабак берип, экономика, саясат боюнча эксперттик пикирин маалымат каражаттарына байма-бай билдирип келген.

Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев 50дөн ашык илимий эмгек жазган. (BkA)

XS
SM
MD
LG