Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

Ноокен: президентке жолугушууга баргандар жоопкерчиликке тартылды


Ноокен.
Ноокен.

Жалал-Абаддын Ноокен районунун Сакалды жана Арал айылдарынан президент Сооронбай Жээнбековго жолугушууга барган беш аялды милиция кармап, үчөө сот жообуна тартылды.

Бул тууралуу жоопкерчиликке тартылган аялдардын бири Бурулкан Ибрагимова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, жолугушууга алдын-ала такташпай туруп барганы үчүн ушундай чара көрүлгөн.

- 15-августта Жээнбеков менен Кочкор-Ата шаарындагы маданият үйүнө жолугушууга барганбыз. Катышуучулар тизме аркылуу киргизилип жатканын айтып, бизди залга кое беришкен жок. Коопсуздук кызматкерлеринен "келбей калган адамдардын ордуна кирели" деп сурансак, алар "тактап, жообун айтабыз" деп тим болушту. Биз артка кайткан учурда көчөдөн милиция кармап, унаасына салып Кочкор-Ата шаарындагы аймыктык милиция бөлүмүндө 5 саат кармады. Кечки саат 6лар чамасында Ноокен райондук соту 3 аялды административдик кодекстин 371 (“Ички иштер органдарынын кызматкеринин жана коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйругуна же талабына моюн сунбоо”) деген беренеси менен күнөлүү деп таап, ар бирибизге 500 сомдон айыппул салды, - деди Ибрагимова.

Жогорудагы адамдар 9-июлда Бишкек шаарында президенттин атына жер маселеси боюнча кайрылышкан. Алар жолугушууга кайрылуу тууралуу президенттен маалымат алыш үчүн барганын айтышууда.

Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев бул маалыматты тастыктап, учурда райондук комиссия окуянын чоо-жайын териштирип жатканын билдирди.

Ал эми облустук милиция аялдар мыйзамдуу буйрукка баш ийбегендиги үчүн жоопкерчиликке тартылганын маалымдайт.

15-16-август күндөрү президент Сооронбай Жээнбеков Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапар менен барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушканы кабарланган. (RsK)

XS
SM
MD
LG