Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:21

Сузакта кыргыз паспорту менен өзбек жараны кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абаддын Сузак районунун аймагында 2014-жылдан бери убактылуу каттоодо туруп, кыргыз паспортун колдонуп жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу облустук милиция “Азаттыкка” билдирди. Анын маалыматына караганда, 2014-жылы Өзбекстандын 27 жаштагы жараны паспорт алуу максатында Сузак райондук паспорт бөлүмүндө иштеген кызматкерге 2,5 миң доллар берип, 1991-жылы туулган кылып жаздырып, бөлөк ысым менен Кыргызстандын паспортун сатып алган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси ("Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мүлктү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу") менен иш козголду.

Паспорт менен кармалган Өзбекстандын жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аны менен бирге паспорт берген тарап боюнча да тергөө амалдары жүрүп жатат.

Өткөн айда да эл аралык издөө жарыяланган бир нече киши кыргыз паспорту менен кармалган. Алар Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак райондук бөлүмүнүн кызматкерлери аркылуу жасалма паспорт жасатканы аныкталган. (RsK)

XS
SM
MD
LG