Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:28

Пакистанда Имран Хан премьер-министр болуп шайланды


Имран Хан Исламабад шаарында добуш бергенден кийин. 25-июль, 2018-жыл.

17-августта Пакистан парламенти мурдагы крикет оюнчусу, оппозициялык саясатчы Имран Ханды премьер-министр кылып шайлады.

Хан парламенттин 343 орундуу төмөнкү палатасында 176 добушка ээ болду.

25-июлдагы парламенттик шайлоодо анын “Техрик-и-Инсаф” партиясы алдыга чыгып, Улуттук ассамблеяда 115 мандат алган.

“Техрик-и-Инсаф” парламентке кирген башка чакан партиялар жана көз карандысыз мыйзам чыгаруучулар менен коалицияга биригип, 176 мандатка ээ болгон.

Хандын кызматка киришүү жөрөлгөсү 18-августка белгиленди.

XS
SM
MD
LG