Казакстандык банкир, оппозиционер, бозгундагы Мухтар Аблязов "“ТуранАлем” банкынын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Ержан Татишевди атайылап өлтүрүүнү уюштурган" деп шек саналып жатканын бул өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.
Мекеменин расмий сайтында жарыялаган билдирүүгө ылайык, Аблязов бул иш боюнча бир нече жолу чакыртылган, бирок ал барган эмес.
Татишев 2004-жылы өлтүрүлгөн. Алгач тергөөнүн жыйынтыгында ишкер аңчылык маалында кокустуктан улам курман болгону жазылган. Аңчылык учурунда Татишевдин жанында болгон Муратхан Токмади "өнөктөшүн кокусунан атып алган" деп айыпталып, бир жылга эркинен ажыратылган.
Бирок 2017-жылы иш кайра каралып, Токмади атайын уюштурулган киши өлтүрүүгө барганын мойнуна алган. Ал кылмышка Аблязовдун опузаларынан кийин барганын жүйө келтирген. Токмади 2018-жылдын март айында он жарым жылга абакка кесилген. Мухтар Аблязов өзү социалдык тармактарда Татишевдин өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирип жүрөт. 2009-жылдан бери Европада жашаган Аблязов Токмадини тааныбай турганын айтып, ага тагылган айыптардын саясий мүдөөсү бар экенин кошумчалаган.