Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:12

Ангела Меркел Грузияга, Арменияга жана Азербайжанга барат


Германиянын канцлери Ангела Меркел. Берлин. 5-июль, 2018-жыл.
Германиянын канцлери Ангела Меркел. Берлин. 5-июль, 2018-жыл.

Германиянын канцлери Ангела Меркел 23-августта Грузияга барарын немис өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Зейберт жума күнү билдирди. Меркел андан ары Армения менен Азербайжанга барары маалым болду.

Зейберттин айтымында, ага чейин канцлер 18-августта Берлиндин жака-белинде орус президенти Владимир Путин менен жолугушат.

Грузия Евробиримдикке жана НАТОго кошулууга умтулууда. Буга чейин Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев эгер Грузия НАТОго кошулса аймакта жаңы жаңжал чыгышы мүмкүн экенин билдирген. Арменияда Меркел жазында өкмөт башына келген Никол Пашинян менен жолугары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG