Жалал-Абаддын Ноокен районунда президент Сооронбай Жээнбековго жолугам деп, сот жообуна тартылган аялдардын иши териштирилет.
Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева окуянын чоо-жайын Ички иштер министрлиги тактап жатканын "Фейсбукка" жазды.
"Ноокен районунун акими бул апалар менен жолугат, алардын арыздарын мазмунуна карата тийиштүү мамлекеттик органдар карап чыгат. Эгер президентке тийиштүү болсо, Президенттин аппараты жооп берет. Ноокен районунун акими бизге билдиргендей, эгерде апалар айып төлөгөн болсо, аларга акча кайтарылып берилет"- деди Стамалиева.
Ноокенде 15-августта президентке жолукканы барып, жолугушууга кире албай калган аялдар сот жообуна тартылган. Өлкө башчысына өз маселелерин айтууга барган аялдарды милиция беш саат кармап, "коопсуздук кызматкерлеринин талабына баш ийген жок" деген таризде жоопкерчиликке тарткан. Аймактын тургундары жана жергиликтүү укук коргоочулар президент жергиликтүү тургундар менен эмес, алдын ала даярдалган мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушканын айтууда.
Ноокен районунун айрым тургундары бул аялдар мурдагы бийлик тушунда түрдүү себептер менен нааразылык акцияларына чыгып жүргөнүн, митинг-пикеттерге дайыма катышып келгенин билдиришти.
Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, милиционерлер аялдарды үйлөрүнө кайтып бараткан учурда эмес, ызы-чуу жасап, жыйынга кирүүгө күч менен аракет жасаган кезде кармашкан. "Алар Кочкор-Ата аймактык милиция бөлүмчөсүнө жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жана ашыкча мыйзамсыз күч колдонулган эмес", - деп айтылат расмий маалыматта.