Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Өзбекстан менен Тажикстан Зарафшан дарыясына эки ГЭС курат


Тажик жана өзбек президенттери.
Тажик жана өзбек президенттери.

Өзбекстан менен Тажикстан биргелешип Зарафшан дарыясынын боюна 320 мегаваттык эки гидроэлектр станция курушат. Бул тууралуу 17-августта эки өлкө президенти Ташкентте чогуу өткөргөн басма сөз жыйында Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев айтты. Өкмөт аралык комиссия Сарез көлүн ичүүчү суу катары колдонуу маселеси да талкууланып жатканын кошумчалады.

- Аймактык өнөктөштүктө гидротехникалык курулуш олуттуу маселе. Бир аз убакыт өтөт, биз биргеликте куруп, көйгөйлөрдү чогуу чечебиз,- деди Мирзиёев.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 17-августта Өзбекстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен келди. Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекет ортосундагы стратегиялык келишимге кол коюлду.

XS
SM
MD
LG