Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Лайма Вайкуленин Орусияда концерт коюу маселеси текшерилет


Лайма Вайкуле
Лайма Вайкуле

Латвиялык ырчы Лайма Вайкуле Орусияда концерт коюуга укугу бар же жогун Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши талкуулайт. Буга анын Крым тууралуу айткан пикири себеп болушу мүмкүн экени кабарланууда.

Жумушчу топтун башчысы Александр Хаминскийдин РБК каналына берген маалыматына караганда, башка чет элдик артисттердин Орусияга келип концерт коюшунун мыйзамдуу жагы каралат. Ал башка мамлекеттен келген ырчылар туристтик виза менен Орусияга кирип, коммерциялык мүнөздөгү ар кандай майрамдык кечелерге катышып жатканын кошумчалаган. Мыйзамга ылайык, ырчылар жумушчу виза менен келиши керек. Бирок Хаминский Вайкуледен башка чет элдик артисттердин аты-жөнүн атай албады.

Ал тапта министрликтин Коомдук кеңешинин төрага орунбасары Валерий Грибакин "Хаминскийдин айтканы анын жеке пикири" экенин билдирди.

Мурдараак Лайма Вайкуле Одессадагы маалымат жыйында "Крымга гастроль менен келет белеңиз?" деген суроого "Жок, бизге мүмкүн эмес. Бизге - европалыктарга мүмкүн эмес. Кандай гонорар сунушталса да барбайм",- деп жооп берген. Ошондой эле СССРди эңсебей турганын, ал доор ураганына кубанарын айткан.

Латвиянын Эл артисти, 64 жаштагы Лайма Вайкуле - СССР учурунда атагы таш жарган ырчылардын бири.

XS
SM
MD
LG