Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

АКШда кармалган Бутина өзүн коргоо үчүн акча чогултат


Мария Бутина
Мария Бутина

АКШда тыңчы деп айыпталып кармалган орусиялык Мария Бутина өзүн юридикалык жактан коргоо максатында онлайн каражат чогултууга киришти. Акча топтоо үчүн сайт ачканын анын адвокаты 17-августта билдирди.

"Мен Мариямын, сенин жардамыңа муктажмын" деп жазылган анын фандрайзинг сайтында.

АКШда магистратурада окуп жүргөн орусиялык студент Бутина быйыл июлдун ортосунда кармалган. Ага "Орусиянын кызыкчылыктарын мыйзамсыз лоббилеген" деген айып тагылган. Америкалык бийликтин божомолунда бул үчүн Бутина Республикалык партиянын негизги демөөрчүлөрүнө таасир этүүгө аракеттенген.

Мындан тышкары ага каттоодон өтпөгөн "чет элдик агент", "чет элдик тыңчылар менен кызматташкан" деген кине коюлган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Бутинаны "саясий туткун" деп атаган.

XS
SM
MD
LG