Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Премьер-министр Көчмөндөр оюндарына даярдыкты текшерди


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 18-августта бир күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барып, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты текшерди.

Расмий маалыматка ылайык, өкмөт башчы Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун, Балыкчы-Корумду жолунун оңдолушун, таймаштар өтчү Кырчын жайлоосун көздөн кечирди.

Абылгазиев Балыкчы-Корумду жолунун курулушун аяктоо үчүн каржылоо маселелерин ыкчам түрдө чечүүнү Транспорт жана жол министрлигинин өкүлдөрүнө тапшырды. Бирок керектүү каражаттын суммасы маалымдалган жок.

Августтун башында транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов 2018-жылы жалпы жол салууга 1 млрд. 985 млн. сом каралганын маалымдаган. Анын ичинен Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушуна 935 млн. сом бөлүнгөн.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG