Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

ИМ тобу жок болмоюнча АКШ кошууну Сирияда кала берет


Америкалык аскер өкүлдөрү.
Америкалык аскер өкүлдөрү.

АКШ кошууну "Ислам мамлекети" террордук тобу биротоло жок болмоюнча Сирияда кала берет.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Дэвид Саттерфилддин айтымында, Вашингтондун мындай турумун АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путинге билдирген.

Мурдараак Трамп Сирия "Ислам мамлекети" тобунун жоочуларынан дээрлик тазаланганын, АКШнын күчтөрү Сириядан чыгып кетерин айткан.

АКШнын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, аталган экстремисттик топ азыр Сириянын аймагынын беш пайызын, айрыкча Ефрат өрөөнүн ээлеп турат. Топтун курамында 14 миң согушкер бар экени белгиленет.

The Guardian басылмасы кабарлагандай, АКШ жана союздаштары "Ислам мамлекети" тобуна каршы соңку аскерий аракеттерди баштаганы турат.

Учурда Сирияда, президент Башар Асаддын өкмөтүнүн көзөмөлүнөн алыс аймактарда эки миңдей АКШ кошуундары бар. Алар эл аралык коалициянын курамында террордук топторго каршы чабуулдарга катышат.

XS
SM
MD
LG