Орусияда 2018-жылдын июль айында төлөнбөй калган маяналар 20,9 пайыздан ашты. Росстаттын маалыматына караганда, жумушчуларга өткөн айда төлөнбөй калган айлыктын өлчөмү 3 миллиард 389 миллион рублди түздү.
Бул карыздын 34 пайыздан ашууну 2016-жылдан бери келатат, 21 пайыздан көбү былтыркы акча.
Изилдөө кичи бизнеске тиешеси жок тармактарга жүргүзүлгөн.
Айлыкты кечиктирүү жаатында Приморский аймагы алдыңкы орунда. Андан соң Санкт-Петербург жана Хабаровск турат.
Орусияда Борбор Азиядан барган миллиондогон мигранттар да иштешет. Алар айлык акысын ала албай, даттанган учурлар көп кездешет.