Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:00

Өзбекстанда мурдагы бийлик "жактырбаган" акын аял көз жумду


Халима Худайбердиева.
Халима Худайбердиева.

Өзбекстандын Эл акыны Халима Худайбердиева 17-августта 71 жашында көз жумду.

"Азаттыктын" өзбек кызматы билдиргендей, маркум мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда көп чектөөлөргө кабылган. Маалымат каражаттарында, телерадиого чыкпай калган.

Анын жолдошу Мавлян Умрзаков эгемендик жылдардын башында Каримовдун кеңешчиси болуп иштеп, 1994-жылдын аягында жемкорлукка айыпталып, алты жылга камалган. Андан соң жубайы Халима Худайбердиева да Аялдар комитетинин төрайымы кызматынан алынган. Ага чейин кыз-келиндердин "Саодат" журналында башкы редактор, Жазуучулар союзунда жооптуу кызматтарда иштеген.

1970-жылдары адабиятка кадам койгон Халима Худайбердиева укугу тепселген аялдарга арналган чыгармаларды көп жазган.

Шавкат Мирзиёев президент болгондон кийин ал кайра коомдук иштерге чакырылып, экранга чыга баштаган эле.

XS
SM
MD
LG