Ош-Ташкент багытында жаңы авиакаттам ачылып, Ташкент-Бишкек багытындагы каттамдардын саны көбөйөт.
"Gazeta.uz" сайты кабарлагандай, бул тууралуу "Өзбекстан аба жолдору" улуттук компаниясынын жана Кыргызстандын "Air Manas", "Avia Traffic" компанияларынын өкүлдөрү жолугушкан жыйында айтылды. Жолугушуу 17-августта Өзбекстандын баш калаасында болду.
Маалыматка караганда, Ош-Ташкент каттамын Кыргызстан тарап аптасына бир жолу аткарат. Ташкент-Бишкек каттамы азыркыдай эки жолу эмес, аптасына төрт жолу болот.
Алдыда Ташкенттен Ысык-Көлгө, Бишкектен жана Оштон Самаркандга такай уча турган каттамдар боюнча аракет жасалып жатканы айтылат маалыматта.