Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:37

Сахалинде кыргыздар иштеген заводдун чатыры түшүп кетти


Сахалин облусунун Поронайcк шаарында мурдагы кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп кетип, бир адам каза болду.

Кырсык болгон учурда имаратта 10 кыргыз мигрант иштеп жаткан.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, урандынын алдынан сегиз адам чыгарылып, беш адам ооруканага жаткырылды. Бир адам каза болуп, сөөгү өлүкканага жеткирилди.

Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери бул окуя боюнча маалымат алууга аракеттенип жатышат.

Каза болгон жана жаракат алгандардын аты-жөнү такталууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG