Ооганстандын президенти Ашраф Гани Курман айтта “Талибан” кыймылын ок атышпоого чакырды. Ок атышпоо режими 20-августта башталып, үч айга созуларын Гани Ооганстандын эгемендик майрамына арналган салтанатта билдирди.
“Биз ок атышпоону Арапа күнү баштайлы деп жарыяладык. Ал пайгамбардын туулган күнүнө (10-ноябрь - ред.) чейин уланат. Ок атышпоо режими “Талибан” көнсө киргизилет”, – деди Гани.
Ооган президенти “Талибан” кыймылы ок атышууну токтотууга макул болгонун айткан жок.
Кабул өкмөтү менен "Талибан" кыймылы үч күндүк ок атышпоо тууралуу июнда - Орозо айтта да макулдашкан. Буга чейин да жаатташкан эки тараптын ортосунда ок атышпоо макулдашылганы менен, анын шарты бузулуп келген. Бирок кантсе дагы бул согушка баткан өлкөдө тынчтыкка жетсе болот деген үмүттү жандырган.
19-августта түндүктөгү Фаряб провинциясында согушкерлер аскердик базаны басып алганын жергиликтүү бийлик кабарлады.