АКШ президенти Дональд Трамп башка өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугушуулардын максатын түшүндүрдү. Ал "Твиттерге" жарыялаган видеокайрылуусунда жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүү мамлекет башчысынын милдети болгонун айтты. Мындай жол менен АКШ президенти акыркы жолугушууларын сынга алгандарга жооп кайтарды.
“Эгер сен президент болсоң чет өлкөлөрдүн башчылары менен жолугушуң керек. Мындан эч нерсе жоготпойсуң, тескерисинче көп нерсе алышың мүмкүн”, - деди Трамп.
Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана орус президенти Владимир Путин менен жолугушууну эске салды. Анын пикиринде, бул жолугушууларда талкууланган көптөгөн маселелер чечилди.
Буга чейин АКШда бир катар саясатчылар Трампты "Путин жана Ким менен жолугушууда жумшак позицияны карманып, АКШнын кызыкчылыгын жетиштүү коргой алган жок" деп сындап келишкен. Буга кошумча Америкада эки жылдан бери Трамптын Москва менен байланышы иликтенип жатат.