Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

ЦРУнун мурдагы башчысы Трампты сотко берүүгө даяр


Жон Бреннан.
Жон Бреннан.

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы директору Жон Бреннан президент Дональд Трампка каршы сотко кайрылууга даяр экенин билдирди.

Бреннан мындай кадамга Трамптын мурдагы жана азыркы жетекчилерди купуя документтер менен таанышуу укугунан ажыратышына каршылык иретинде барышы мүмкүн.

Жекшембиде NBC каналынын эфиринде Жон Бреннан бул маселе боюнча бир нече адвокат менен сүйлөшкөнүн билдирди.

"Мен минтип кызматтан ашыкча пайдаланууну токтотууга колдон келишинче аракет кылам көрөм. Эгер бул үчүн сотко кайрылыш керек болсо, мен ошондой кадамга барам", - деди ЦРУнун мурдагы башчысы.

Буга чейин Дональд Трамп мурдагы президент Барак Обаманын тушунда Борбордук чалгын башкармалыгынын жетекчилигине келип, былтыр кызматтан кеткен Жон Бреннанды купуя маалыматтар менен таанышуу укугунан ажыраткан эле.

Трамптын мындай чечимге барышы "Бреннан жашыруун маалымат алуу укугунан пайдаланып, анын администрациясына башаламандык жаратып келген" деп түшүндүрүлгөн эле.

Ошондой эле Ак үй АКШнын президенти дагы бир нече жогорку даражалуу аткаминерди ушундай укуктан ажыратууну көздөп жатканын билдирген.

"Кара тизмеге" кабылышы мүмкүн деп эсептелгендердин арасында былтыр президент Трамп кызматтан алган Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) директору Жеймс Коми да бар. Ал Трампты "президент болууга моралдык жактан татыксыз" деп мүнөздөгөн. Ак үй билдиргендей, Комиден тышкары Обаманын тушунда Улуттук чалгын кызматын жетектеген Жеймс Клэппер, президенттин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Сюзан Райс, ФБРдин жетекчисинин мурдагы орун басары Эндрю Маккейб жана Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы башчысы Майкл Хейден да санкциялык тизмеге түшүп калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG