Орусиянын ракета, космос жаатында иш алып барган “Энергия” ишканасынын башкы директорунун орун басары Алексей Белобородов жана мекеменин дагы эки кызматкери алдамчылыкка шектүү катары кармалды. Бул тууралуу ушул өлкөнүн Тергөө комитети кабарлады. Маалыматка ылайык, кармалгандар күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөлөрдү беришкен.
ТАСС агенттигинин жазганына ылайык, Белобородов “Энергия” ишканасында 2016-жылдан бери иштейт. Бул ишкана Орусиянын космос чөйрөсүндөгү ири оюнчуларынын бири болуп эсептелет. Ишкана “Союз”, “Прогресс” сыяктуу космостук кемелерди жана баллистикалык ракеталарды чыгарат.
Былтыр Эсеп палатасы космос жаатында 2 триллион рублдан ашык финансылык мыйзам бузуу болгонун аныктаган. Анын 40 пайызы же 800 миллиард рубли “Роскосмоско” туура келери белгиленген. Буга байланыштуу “Роскосмостун” курамына кирген “Энергия” ишканасынын чарба-каржылык ишмердигин текшерүүгө тапшырма берилген.