Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Сахалинде кырсыктан каза болгон адам тажикстандык экени такталды


Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кулап кеткен имараттын алдында калгандарды куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кулап кеткен имараттын алдында калгандарды куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат.

Орусиянын Сахалин облусунун Поронайcк шаарында кулап кеткен имараттын алдында калып каза болгон адам Тажикстандын жараны экени такталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшимбет Төлбаев билдирди.

Анын айтымында, калдыктардын астында калган жарандарды куткаруу иштери жүрүп жатат.

- Каза болгон адам Тажикстандын жараны экен. Ал эми урандынын астында жаткан эки бала - кыргыз жараны. Алар боюнча куткаруу иштери аяктагандан кийин гана толук маалымат бере алам. Бир гана маалымат - алар 22-23 жашта экен. Баштапкы кабарларга караганда алар иштеп жаткан кезде дубал кулап кеткен, - деди ал.

19-августта Поронайcк шаарында мурдагы кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп кетип, бир адам каза болгон. Кырсык болгон учурда имаратта 10 кыргызстандык мигрант иштеп жатканы айтылган.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, урандынын алдынан сегиз адам чыгарылып, беш киши ооруканага жаткырылган. Бейтапканадагылар кыргызстандык экени аныкталды.

Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери бул окуя боюнча маалымат алууга аракеттенип жатышат. Каза болгон жана жабыркаган адамдардын аты-жөнү такталууда. (AiA\ErN)

XS
SM
MD
LG