Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Казак аскерлери Ливандагы БУУнун миссиясына кошулат


Казакстандын аскерлери Индиядагы машыгуудан кийин. 14-апрель, 2018-жыл.
Казакстандын аскерлери Индиядагы машыгуудан кийин. 14-апрель, 2018-жыл.

Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев Улуттар Уюмунун тынчтыкты сактоо миссиясына кызмат өтөөгө жөнөп жаткан аскерлер менен жолукту. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Министр Ермекбаев Алматы облусундагы аскер бөлүктөрүн кыдырып жүрүп, "тынчтыкты сактоо миссиясында кызмат кылууга жөнөп жаткан аскерлердин ротасы менен жолукту", деп айтылат билдирүүдө.

15-июнда казак парламенти Улуттар Уюмунун мандатынын негизинде Казакстандын аскерлерин Жакынкы Чыгышка жиберүү жөнүндө президенттин сунушун жактырган.

Буга чейин Астана күзүндө 120 аскерди тынчтыкты сактоо миссиясынын Ливандагы "Улуттар Уюмунун убактылуу күчтөрүнө" жиберүүнү пландап жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG