Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

21-августка карата аба ырайы: тоолордо кар жаашы мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызгидромет” борбору билдирүү таратып, 21-августта жана 22-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаай турганын эскертти. Тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.

21-августта түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Жаан карга айланып, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 22...27,

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 25...30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11...16, күндүз 18...23,

Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаабайт. Күндүз нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн 14…16, күндүз 23…25 градус ысык болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG