Кыргызстанда Курман айт майрамынын белгиленишине байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү пункттары 22-августтан 26-августка чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим Кытай тараптын демилгеси менен кабыл алынды.
Жарандарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү 27-августта кайра жанданат. (ErN)