Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

“Мегакомду” баалоо боюнча жаңы тендер жарыялана элек


"Мегаком" компаниясы.
"Мегаком" компаниясы.

"Мегаком" соода маркасы менен белгилүү "Альфа Телеком" компаниясынын баасын аныктоо боюнча жаңы тендер жарыялана элек. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фонду кабарлады.

7-августта аталган фонд буга чейинки тандоо боюнча тендерди токтоткон. Буга мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча 2018-2020-жылдарга карата мамлекеттик программанын бекитилбегени себеп болгон. Бул программа бекитилген соң “Мегакомду” баалоо боюнча тендер жарыяланып, андан соң сатыкка чыгарылат.

Кыргыз өкмөтү "Альфа Телеком" компаниясын алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч сыйра конкурс жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. 2017-жылы анын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго бааланып, түз сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Бирок бул ирет да сатылган эмес. (BkA)

XS
SM
MD
LG