Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:57

“Ата Мекен” акыйкатчылык кызматка Канатбек Азиздин талапкерлигин көрсөттү


Канатбек Азиз.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы акыйкатчылык кызматка талапкер катары Канатбек Азизди сунуш кылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, парламент жайкы каникулдан келген соң дароо акыйкатчыны шайлоо маселесин карашы керек.

Мыйзам боюнча бир ай ичинде акыйкатчы шайланышы керек экенин эске салган Шыкмаматов эки айдан бери бул кызмат бош турганын белгиледи.

34 жаштагы Канатбек Азиз “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгында эмгектенет.

Буга чейинки акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG