Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Сахалинде урандыда калгандардын тек-жайы аныкталды


Кышкы Сахалин.
Кышкы Сахалин.

Орусиянын Сахалин облусунун Поронайcк шаарында чатыры урап түшкөн имараттын алдында калган эки кыргызстандыктын тек-жайы аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшим Төлбаев билдирди.

Анын айтымында, каза болгон жарандар 22-23 жаштагы Өзгөн районун тургундары болгон. Маркумдардын туугандарына кабар берилди. Алардын сөөгү 21-августта соттук экспертизадан өткөрүлөт. Андан соң Кыргызстанга жөнөтүлмөкчү. Учурда алардын сөөгүн жөнөтүү боюнча кыргыз диаспорасы каражат чогултуп жатат.

19-августта Поронайcк шаарында мурдагы кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп кетип, бир киши каза болгон. Каза болгон адам тажикстандык экени аныкталды. Ал эми уранды алдында калган эки кыргызстандыктан сөөгү 20-августта гана казып чыгарылды. Мындан башка беш адам ооруканага жаткырылган. Алардын абалы учурда канаттандыраарлык. (BkA)

XS
SM
MD
LG