Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Бишкек мэриясы сөздүк боюнча түшүндүрмө берди


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкек мэриясы 100 миң сомго сатып алынчу кыргызча-орусча сөздүк боюнча түшүндүрмө берди. Мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевдин "Фейсбуктагы" баракчасына жазганы боюнча, бул сөздүктөр кыргыз тилин өнүктүрүү борборуна сатып алынат. Андан соң райондордогу акимияттарга таратылып, документтерди толтуруу жана башка иштерге колдонулат.

Түлөбаев сөздүктөр мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзамга жооп берерин кошумчалады.

Буга чейин социалдык тармактарда мэриянын сөздүктөрдү сатып алышы боюнча талкуулар чыккан. Айрымдар бул сатып алуу ашкере кымбат болгонун жазып чыгышкан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG