Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Бүгүн Курман айт майрамдалууда


Бишкек.
Бишкек.

Бүгүн Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы. Буга байланыштуу бул күн эс алуу күнү деп жарыяланган.

Майрамдык айт намазы Бишкектеги Эски аянтта өттү. Ага шаардын тургундары жана коноктору катышты. Намаз окуу алдында мусулмандардын диний башкармалыгынын жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Курман айт мусулман коомчулугунун ири майрамы болуп саналат. Аны белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат. Быйылкы майрам 21-августка туш келди.

Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG