Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:56

Чехиялык киночулар Сенцовду колдоп акция баштайт


Олег Сенцовду колдогон акция. Киев.
Олег Сенцовду колдогон акция. Киев.

Чехиялык кинематографисттер 21-августтан тартып Орусияда абактагы украиналык режиссер Олег Сенцовго тилектештик иретинде ачкачылык жарыялай башташат. Бул тууралуу чех маалымат каражаттарына акциянын демилгечилеринин бири, документалист Вит Янечек билдирген.

Чех киночулар буга чейин өлкө парламентине кайрылып, Сенцовду колдогон чечим кабыл алып, орус бийлигине каршы кайрылуу жиберүүнү суранышкан.

20 жылга эркинен ажыратылган Сенцов 14-майдан бери ачкачылык кармап жатат. Украиналык кинорежиссер 2014-жылы май айында Крымда кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG