Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

"Атасын өлтүрдү" деп шектелген бир тууган Хачатуряндар камакта калды


Ангелина Хачатурян.
Ангелина Хачатурян.

Москва шаардык соту "атасын өлтүрдү" деп шек саналып жаткан бир тууган Хачатуряндарды камакта калтырды. Кыздардын адвокаты кылмышка шектүүлөрдү үй камагына которууну өтүнгөн.

Жараяндын жүрүшүндө прокуратуранын өкүлү кылмыш ишине каза болгон Михаил Хачатуряндын кыздарына жыныстык ыдык көрсөткөнү тууралуу жаңы маалыматтар киргизилгенин билдирди. Эже-сиңдилердин адвокаты Алексей Паршиндин айтымында, маркум Хачатуряндын бул кылыгын тергөө азырынча "аморалдык аракет" деп баалап жатат.

57 жаштагы москвалык бизнесмен Михаил Хачатурян 27-июлда өлтүрүлгөн. Анын сөөгү өз үйүндө табылган. Маркумдун өлүмүнө шектүү катары 17, 18 жана 19 жаштагы үч кызы камакка алынган.

Алар күнөөнү моюнуна алып, полицияга өздөрү кабар беришкен. Тергөө комитети үч кызга "Алдын-ала уюшуп кылмышка баруу" беренеси боюнча иш козгогон. Бул үчүн алар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ангелина, Кристина жана Мария мындай кылмышка атасы тынымсыз зомбулук көрсөтүп, жашоо бербей койгону себеп болгонун айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG