Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Өзбекстандын премьер-министри жол кырсыгына кабылды


Абдулла Арипов.
Абдулла Арипов.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жол кырсыгына кабылганы кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы Ички иштер министрлигиндеги булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кырсык 20-августта эртең менен Ташкент-Бекабад жолунда болгон. Анда өзбек премьери түшкөн “Мерседес” унаасы “Дамас” үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктан Абдулла Арипов жеңил жараат алганы, өмүрүнө коркунуч туулбаганы кабарланды. Ал эми экинчи автоунаадагы айдоочу жана жүргүнчүлөр жөнүндө так маалымат жок.

Өзбекстандын тиешелүү органдары жол кырсыгы тууралуу расмий маалымат беришкен жок.

57 жаштагы Абдулла Арипов Шавкат Мирзиёев президенттикке келген 2016-жылдан тартып өзбек өкмөтүн башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG