Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Бишкекте чет элдиктерди алдап жүргөн пакистандык жаран кармалды


Бишкекте кармалган пакистандык жаран.
Бишкекте кармалган пакистандык жаран.

Бишкек шаарында жашап жаткан Мухаммад К. аттуу 37 жаштагы пакистандык жаран алдамчылык боюнча шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, колго түшкөн адам Индиянын жаранын Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын бирине "окууга өткөрөм" деп 5500 доллар алган. Кийин окууга өткөргөн эмес жана акчасын кайтарбай койгон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголду. Ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү иликтеп жатышат.

Кармалган киши мындан башка да кылмыштарга барган деп шек саналууда. Милиция ага алданып калгандар болсо 0702 03 03 07, 0312 26 63 98 номерлерине байланышып коюусун өтүнөт.

Буга чейин Кыргызстанда өз жердештерин "окууга өткөрүп берем" деп алдаган пакистандык жана индиялык бир нече адам кармалган. Кийин "индиялык 50 студенттен 145 миң доллардай келишим акы алып, окуудан айдап жиберди" деп айыпталган Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университеттин жетекчиси Нургалы Асаналиев камакка алынган. Ал өзү бул айыптоону четке каккан жана бул иште ортомчулар күнөөлүү экенин билдирген. Сот аны үй камагына чыгарган. (ErN)

XS
SM
MD
LG