Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Жээнбеков: Курман айт бизди абийир менен таза жашоого үндөйт


Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мечиттердин биринде. 21-август, 2018-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мечиттердин биринде. 21-август, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков жалпы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Өзүнүн кайрылуусунда мамлекет башчы "Курман айт Жаратканга жакын болууга, абийир менен таза жашоого, кең пейилдикке жана кайрымдуулукка үндөй тургандыгын” белгилейт.

“Бул күнү Ккудайга тобо келтирип, тирүүлүктү барктап, маркумдарды эскеребиз, жан дүйнөбүздү аруулап, көөнөрбөс баалуулуктарды сиӊиребиз. Ыйманыбыз келечектүү жаштарды тарбиялап, адилеттүү коомду курууга өбөлгө түзөт. Биз бүгүн Жараткандан жакшылык суранабыз. Ушул улуу күнү баарыӊыздардын аруу тилегиӊиздер, асыл максаттарыӊыздар орундалсын”, - деп айтылат Жээнбековдун куттуктоосунда.

Президент улуттардын биримдигин каалап, “өлкөбүздөгү улут аралык ынтымак, өз ара урматтоо бекемделип, бардык кыргызстандыктарды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн. Ар дайым элибизде биримдик, жерибизде тынчтык, мамлекетибизде гүлдөп өнүгүү болсун! Кыргызстаныбызды кудай өзү колдосун!”, - деп белгилеген.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзү Курман айт майрамына байланыштуу Бишкек шаарынын мечиттеринин бирине барып, айт намазга катышты.

Бүгүн, 21-августта Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы белгиленип жатат. Буга байланыштуу бул күн эс алуу күнү деп жарыяланган. Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG