Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Экс-президент Атамбаев Курман айтта “Ата-Бейитке” барды


Алмазбек Атамбаев “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде. 21-август, 2018-жыл.
Алмазбек Атамбаев “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде. 21-август, 2018-жыл.

Кыргызстандын экс-президенти жана Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасы Алмазбек Атамбаев Курман айт намазын Чүй облусунун Арашан айылындагы мечитте жамаат менен чогуу окуду. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы кабарлады.

Намаздан кийин мурдагы мамлекет башчысы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, 2010-жылы апрель окуясында курман болгондорду эскерүү, аларга багыштап куран окуу иш-чараларына катышты.

Экс-президент ошондой эле апрель окуясында жакындарын жоготкондор менен жолугуп, алардын арыз-муңун укту.

Алмазбек Атамбаев 15-июнда Орозо айт күнүнө карата “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып кайткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG