Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:57

Прокуратура Шереметтин ишинде «илинчек» табылганын билдирди


Москвада өткөн Павел Шереметти эскерүү кечеси, 28-ноябрь, 2016-жыл.
Москвада өткөн Павел Шереметти эскерүү кечеси, 28-ноябрь, 2016-жыл.

Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко журналист Павел Шереметти ким өлтүргөнүн, андан кийин ага ким буйрук бергенин аныктоо үчүн тергөө ишинде «илинчек» табылганын билдирди. Бул тууралуу баш прокурор «Украинская правда» гезитине берген интервьюда айтты. Бирок кандай илинчек экенин чечмелеген жок. Журналисттин курман болгонунан бери эки жыл өтсө дагы эмдигиче шектүүлөр табылбаганын кошумчалады.

Беларус, орус журналисти Павел Шеремет 2016-жылы 20-июнда Киевдин борборунда машине айдап баратып жардырууга дуушар болгон. Украин бийлиги Шереметтин өлүмүн «атайын уюштурулган иш» деп тапкан.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында журналисттин жарандык никеде турган аялы, «Украинская правда» гезитинин негиздөөчүсү Елена Притула Шереметтин өлтүрүлүшүн «теракт» катары кароону өтүнүп, прокуратурага арыз жазган.

Андан соң башкы прокурор Юрий Луценкону ишти колго албаганы үчүн сотко берген.

Тергөө Шереметтин журналисттик ишмердиги, бирөө менен жеке кастык мамилеси, Украинадагы кырдаалды курчутуу жана машиненин бузуктугу деген версиялар каралып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG