Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Каныбек Жолчубеков Азия оюндарында алтын байге үчүн күрөшөт


Каныбек Жолчубеков.
Каныбек Жолчубеков.

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубеков 60 кг салмак категориясында грек-рим күрөшү боюнча финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеште Жолчубеков Казакстандык атаандашы Майрамбек Айнагуловду 9:0 эсеби менен жеңди. Андан мурдагы кармаштарда кыргызстандык спортчу Түндүк Кореядан жана Кытайдан келген балбандарды уткан.

21-августта Кыргызстандан барган Мээрим Жуманазарова да аялдар арасындагы эркин күрөш боючна беттеште коло байге үчүн күрөшөт. Азия оюндарында ошондой эле Кыргызстандык суучул Денис Петрашов да 200 метрге квалификациялык сүзүүдө финалга өткөн.

18-августта башталган Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан жалпы жонунан 150 спортчу катышып жатат. XVIII Азия оюндарынын программасында спорттун 40 түрү бар. Кыргыз спортчулары спорттун 28 түрү боюнча күчтөрүн сынайт.

Кыргызстандын эсебинде эки медаль бар. Балбандар Магомед Мусаев менен Айсулуу Тыныбекова бирден күмүш байгеге ээ болушту. (ErN)

XS
SM
MD
LG