Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Аба ырайы: тоолордо кар жаайт


Аксы районундагы айылдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Аксы районундагы айылдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызгидромет” борбору билдиргендей, 22-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланат жана бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29,

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 26...31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 18...23,

Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23 градус болот.

22-августта Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 15…17, күндүз 25…27 градус ысык болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG