Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Азиада-2018: Мээрим Жуманазарова коло медаль утту


Мээрим Жуманазарова. 19-июль, 2018-жыл. Индия.
Мээрим Жуманазарова. 19-июль, 2018-жыл. Индия.

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандан барган Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча беттеште коло медаль утту.

18-августта башталган Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан жалпысынан 150 спортчу катышып жатат. XVIII Азия оюндарынын программасында спорттун 40 түрү бар. Кыргыз спортчулары спорттун 28 түрү боюнча күч сыноодо.

Кыргызстандын эсебинде буга чейин эки медаль бар болчу. Балбандар Магомед Мусаев менен Айсулуу Тыныбекова бирден күмүш байгеге ээ болушкан.

68 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Жуманазарова бул турнирде жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач таиланддык, чейрек финалда түштүк кореялык атаандашын таза жеңди. Жарым финалда кытайлык Зоу Фенгге жеңилди (3:9).

Коло байге үчүн жапониялык Аяна Гемпей менен таймашып 7:3 эсебинде жеңишке жетти.

XS
SM
MD
LG