Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Азиада-2018: Айпери Медет кызы да коло медалга татыды


Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болгон учур. 5-август, 2017-ж. Тампере. Финляндия.
Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болгон учур. 5-август, 2017-ж. Тампере. Финляндия.

Ушу тапта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча мелдеште коло медаль утту.

18-августта башталган Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан жалпысынан 150 спортчу катышып жатат. XVIII Азия оюндарынын программасында спорттун 40 түрү бар. Кыргыз спортчулары спорттун 28 түрү боюнча күч сыноодо.

Кыргызстандын эсебинде буга чейин үч медаль бар болчу. Балбандар Магомед Мусаев менен Айсулуу Тыныбекова бирден күмүш, ал эми эркин күрөш боюнча Мээрим Жуманазарова коло байгеге ээ болушкан.

76 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Медет кызы бул мелдеште жалпысынан төрт беттешке чыкты. Алгач индонезиялык Рихда Вахданияти Ридванды ири эсеп менен утту (12:0). Чейрек финалда индиялык Киран Киранды жеңип алды (3:0). Жарым финалда жапониялык Хирое Минагавага аз гана айырма менен жеңилип калды (1:2). Акыркы жыйынтыктоочу коло байге үчүн монголиялык Орчирбат Насанбурма менен беттешип, 4:2 эсебинде жеңди.

XS
SM
MD
LG