Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Азиада-2018: Каныбек Жолчубеков күмүш, Амантур Исмаилов коло байге алышты


Каныбек Жолчубеков алтын медал үчүн күрөш учурунда, Азия оюндары 2018.
Каныбек Жолчубеков алтын медал үчүн күрөш учурунда, Азия оюндары 2018.

Кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубеков Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында 60 кг салмак категориясында грек-рим күрөшү боюнча финалдык таймашта күмүш медалга татыды.

Жарым финалдык беттеште Жолчубеков казакстандык атаандашы Майрамбек Айнагуловду 9:0 эсеби менен жеңген. Андан мурдагы кармаштарда кыргызстандык спортчу Түндүк Кореядан жана Кытайдан келген балбандарды уткан. Алтын байге үчүн беттеште жапониялык Шинабу Отага жеңилди.

Ал эми спорттун ушул эле түрү боюнча 67 килограммга чейинки салмактагы спортчу Амантур Исмаилов коло медаль утту.

18-августта башталган Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан жалпысынан 150 спортчу катышып жатат. XVIII Азия оюндарынын программасында спорттун 40 түрү бар. Кыргыз спортчулары спорттун 28 түрү боюнча күч сыноодо.

Кыргызстандын эсебинде буга чейин төрт медаль бар болчу. Балбандар Магомед Мусаев менен Айсулуу Тыныбекова күмүш, ал эми эркин күрөш боюнча Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы коло байгеге ээ болушкан. Ал эми суучул Денис Петрашов 5-орунга татыган.

XS
SM
MD
LG