Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Бишкек: Айтматов проспектинин оңдолгон тилкеси ачылды


Айтматов проспекти.
Айтматов проспекти.

Бишкектин негизги өкмөттүк трассасы аталган Айтматов проспектинин дагы бир тилкеси толук оңдолуп бүтүп, пайдаланууга берилди.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, жолдун Бөкөнбаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки аралыгы шейшемби күнү ачылды. “Бишкек шаарынын автомобилдик жолдорун калыбына келтирүү” долбоорунун алкагында асфальты жаңыланып, жолдун четтери да иретке келтирилди. Айтматов проспектинин поезд жолунун алдынан өтүүчү бул тилкеси 31-июлда жабылган.

Ошондон бери автоунаалар коңшу көчөлөр аркылуу айланып өтүп, коомдук транспорттун иши оорлогон.

Жалпысынан быйыл бул көчөнүн тогуз чакырымы оңдолуп бүтөт. Жаңылоо иштери графиктен мурда бүткөрүлүп, жарымынан көбү аяктап калды. (RK)

XS
SM
MD
LG