Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:27

Сот арачылары Манафортту 18 айыптоонун сегизи боюнча күнөөлүү деп тапты


Пол Манафорт.

АКШда сот арачылары президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафортту 18 айыптоонун сегизи боюнча күнөөлүү деп тапты.

Манафорт "Банктык алдамчылык", "Салык төлөөдөн баш тартуу", "Чет өлкөлөрдөгү банк эсептерин жашыруу" деген беренелердин негизинде айыптуу экени айтылды.

69 жаштагы Манафорт сот арачылары жүргүзгөн ишке рахматын айтты, бирок күнөөсү жок экенин билдирди. Эки жумага созулган сот процессинде күбөлөр суралып, тергөө материалдарында көрсөтүлгөндөй, Манафорт салыктан жашырган 16 миллион долларды кантип коротконун айтып беришкен.

Тергөөнүн версиясына караганда, Манафорт мынча акчаны Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин, анын “Аймактар” партиясынын "кызыкчылыгын сүрөп жана финансылык көз боёмочулукка барып, алдоо жолу менен насыя алып" тапкан. Ал акчага кыймылсыз мүлк жана кымбат баалуу оокат сатып алганы айтылган. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG