Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:05

“Жибек Жолу” веложарышынын алды Көл-Сууга жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Жибек Жолу” эл аралык веложарышына аттангандардын алдыңкылары Нарындагы Көл-Суу көлүнө жетип калышты. 26 өлкөдөн келген 95 турист 18-августта Бишкектен велосипед тээп жарышка чыккан. Мелдеш 1-сентябрда Чоң-Кеминден жыйынтыкталат.

Велосипед айдаган ар бир катышуучу тамак-ашын, түнөй турган жайын өзү таап, сырттан эч бир жардамсыз финишке жетиши зарыл. Жолдун жалпы узундугу 1700 чакырым болот.

Алар Соң-Көлдүн, Көл-Суунун жана Ысык-Көлдүн жээгин аралап өтүшү зарыл. Ар бир катышуучуда GPS-трекер бар, ал аркылуу ким кайсы жакта экенин көрүп турууга болот. (RK)

XS
SM
MD
LG