Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Сахалинде жабыркаган беш кыргызстандык бүгүн ооруканадан чыгат


Орусиянын ӨКМ кызматкерлери кулап кеткен имараттын алдында калгандарды куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан учуру.
Орусиянын ӨКМ кызматкерлери кулап кеткен имараттын алдында калгандарды куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан учуру.

Сахалинде кырсыкка кабылып ооруканага түшкөн беш кыргызстандыктын абалы жакшы, бүгүн алар үйгө чыгат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшим Төлбаев билдирди. Ал ошондой эле каза болгон эки кыргыз жаранынын сөөгү мекенине бейшемби күнү жөнөтүлөрүн айтты.

19-августта Сахалиндин Поронайcк шаарында мурдагы кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп кетип, анда иштеп жаткан жумушчуларды басып калган. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кырсык болгон учурда имаратта 10 мигрант иштеп жаткан. Алардын экөө аман калган, дагы бешөө уранды алдынан тирүү табылып, ооруканага жеткирилген.

Каза болгон үч адамдын экөө Кыргызстандын, бири Тажикстандын жараны экени аныкталган. Кыргызстандыктар 22-23 жашта экени, ал жакка барганына бир аз эле болгону айтылган.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылы чет өлкөдөн 300дөй кыргызстандыктын сөөгү келген. Айрыкча Орусияда кыргызстандык мигранттар иш маалында кырсыкка кабылып, оор жараат алып, ден соолугу зыян тарткан учурлар көп кездешет. (RK)

XS
SM
MD
LG