Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Кыргызстандан бараткан 20 тонна өрүк Орусияга киргизилген жок


Баткен өрүгү. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен өрүгү. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын “Россельхознадзор” федералдык кызматынын Оренбург облустук бөлүмүнүн кызматкерлери “Маштаково” жана “Сагарчин” бекеттеринен Кыргызстандан бараткан 20 тонна өрүктү өткөргөн жок. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтында жарыяланды.

Жемиш азыгынын фитосанитардык сертификаты жараксыз болуп чыккан.

Маалыматтарга ылайык, Орусиянын “Россельхознадзор” кызматы жыл башынан бери Кыргызстандан барган 300 тоннадай жашылча, мөмө жана жер-жемишти артка кайтарды. Буга товарлардын фитосанитардык сертификаттары жараксыз жана талапка жооп бербегени себеп болгон.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Фитосанитардык жана карантиндик департамент айрым ишкерлер сертификат албай жатышканын, натыйжада алардын товарлары орус жана казак чек араларынан өтпөй калып жатканын билдирип келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG