Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Көчмөндөр оюндарына төрт өлкөнүн президенти келет


Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы. Чолпон-Ата шаары, Кыргызстан. 2016-жыл.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, чакыруу бир топ өлкөлөрдүн президенттерине жөнөтүлгөн. Алардын ичинен ушул төртөө келээрин ырасташкан. Булардан сырткары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан да келерин айткан.

Оюнга жакындаганда бул тизмеге башка мамлекет башчылары да кошулуп калышы мүмкүн.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда ачылып, 8-сентябрга чейин уланат. Ага 57 мамлекеттен келген 1946 спортчу катышып, улуттук спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат.

Оюндарда жалпы 594 медаль ойнотулат. Анын 174ү алтын. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жылда бир жолу Кыргызстанда өтүп турат. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG